Жогорку Кеңеште бүгүн, 30-январда "Ош жана Бишкек шаарларынын статусу жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланууда. Бул мыйзам долбоорунун тегерегинде депутаттар ортосунда кызуу талкуу жаралды. Бир катар депутаттар бул мыйзамды шашпай кабыл алуу керектигин айтышса, башкалары бул мыйзамды кабыл алуу учурдун талабы экенин белгилешти. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Өмүрбек Текебаев "жакында Ош шаарынын мэри шайланат. Учурдагы мыйзам боюнча мэрлик кызматка президент талапкер көрсөтөт. Эгер президент мэрлик орунга талапкер көрсөтсө, анда ар кандай сөздөр айтылышы мүмкүн. Ошондуктан бул мыйзамды шашылыш түрдө киргизүү зарылчылыгы чыгууда. Мэрлик кызматка талапкерди шаардык кеңештин депутаттары өздөрү тандап алышы керек" деди. Ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларынын статусу тууралуу мыйзамды бириктирүү сунушу да айтылууда.