Ташчайнар лакап аты менен элге таанылган балбан Нурлан Алишеров “Украина - менин таланттарым” фестивалынын 1-айлампасында жеңишке ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда өткөн маалымат жыйынында балбан өзү билдирди. Нурлан мырза мелдешке Украинанын желеги менен чыгуу боюнча сунуш түшкөнүн, бирок баш тартканын айтты. “Мен бул сунушка дароо эле жок деп жооп бердим. Өзүм да коркуп кеттим, бул сунушту укканда. Мен дайым Кыргызстандын желеги менен чыгам” деди балбан. Айта кетсек, ал Украинадагы мелдеште ичинде 20 адамы бар автобусту сүйрөдү.