Жогорку Кеңеш бүгүн, 5-ноябрдагы жыйынында "Кумтөр" кенине май ташуу жана башка иштердеги мыйзамсыз аракеттери боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге таандык компаниянын ишин иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгын карайт. Комиссиянын төрагасы депутат Максат Сабиров жыйында комиссиянын корутундусун окуп берет. Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаев Сарпашевдин коррупциялык иштерге тиешеси бар экени аныкталса, жазаланарын айткан.