Парламенттин 5-ноябрдагы жыйынында саламаттык сактоо министрлигине Талантбек Батыралиевдин талапкерлиги каралууда. Жыйында депутаттар талапкерге алыскы райондордо медицина көйгөйү курч турганын айтып, алгач ишин аймактарды кыдырып, көйгөйлөр менен таанышып чыгууну сунушташууда.
Батыралиев депутаттарга айылдардагы медицина көйгөйлөрү менен таанышып, маселелерди чечүүгө болгон аракетин жасаарын айтты. “Мен Түркияда 23 жылдан бери жашасам да, жыл сайын Кыргызстанга 1-2 айга келип турам. Бардык көйгөйлөрдү билем. Ошентсе да министр болгондон кийин айылдын булуң-бурчтарына чейин барып маселелерди карап, чечүүгө аракет кылам”,- деди ал.