Өмүрбек Текебаев: "Финка" кредиттик компаниясынын башкы кеңсесинин ижара акысы 60 миң доллар"

"Кыргызстанда "Финка" кредиттик компаниясынын башкы кеңсесинин ижара акысы 60 миң доллар". Бул маалыматты ЖКнын 30-январдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, мындай насыя берчү уюмдар элдин эсебинен миллиондогон акчаларды айлантууда. Айта кетсек, Жогорку Кеңеште "Сүткорлук ишке чек коюу тууралуу" мыйзам долбоору талкууланууда. Бул мыйзам кредиттик компаниялар тарабынан берилип жаткан насыялардын пайыздык ченин 40тан ашырбоого багытталган. "Учурда өлкөдө 500дөй кредиттик уюм бар. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, кредиттик компаниялар заңгыраган хан сарайларды эмес, арзаныраак кеңселерди ижарага ала башташат" деди депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан