Парламент депутаттары Бишкектеги арыктарга курулуш таштандыларынын төгүлүп жатканына нааразы. Муну депутат Мамытбай Салымбеков Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин 10-ноябрдагы жыйынында айтып чыкты. Салымбеков биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге: "Шаардын тегерегиндеги курулуш таштандылары арыктарда жатат. Ушуну Курулуш агенттиги көзөмөлгө алабы? Бул эмне деген баш аламандык?"- деп кайрылды.
Депутат Анарбек Калматов курулуш таштандылары бир эле арыктарда эмес, көчөдө да төгүлүп жатканын айтса, комитет төрагасы Сайдулла Нышанов "буга мэр Кубанычбек Кулматовдун иштебей жатканы себеп болууда" деп кошумчалады.