Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 2 аптанын ичинде иш планын жарыялайт

Жаңы дайындалган саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 2 аптанын ичинде өзүнүн иш планын жарыялайт. Муну министр бүгүн, 10-ноябрда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен жолугушууда билдирди. Батыралиев өлкөнүн айрым аймактарын кыдырып, оорукана, поликлиникаларды көрүп чыкканын, биринчи кезекте чечүүчү маселелер белгилүү болгонун айтты.
Жоомарт Оторбаев саламаттыкты сактоо тармагына берилген акчаны натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын айтты. "Жыл сайын социалдык тармакка, мунун ичинде салматтыкты сактоо тармагына бюджеттен ири көлөмдөгү акчалар бөлүнөт. Бирок бул акча бардык муктаждыкты жабууга жетпейт. Менеджменттин заманбап ыкмалары колдонулган клиникада иштеген тажрыйбаңыз маселе чечүүдө сизге жардам берет деп ишенем",- дейт өкмөт жетекчиси. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан