Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун катышуусунда мэриянын маңдайындагы "Жаштар" аллеясында Wi-Fi аймагы ачылды. Ылдамдыгы 256 кб/секундга жеткен акысыз Wi-Fi менен камсыз болгон жай ушуну менен үчүнчү жолу ачылып жатат. Эске салсак, буга чейин бекер интернеттен пайдалануу мүмкүнчүлүгү Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында жана "Эркиндик" бульварында ачылган.