Жоомарт Оторбаев кинематографисттерди Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 17-ноябрда кино тармагынын кызматкерлерин Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады.
"Урматтуу кинематография кызматкерлери! 
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз киносунун күнү менен чын дилден куттуктайм! Бул сонун майрамды жылдан-жылга кино чеберлери жана кино тармагына жаңы кадам таштагандар гана эмес, миңдеген көрүүчүлөр да белгилешүүдө. Бүгүнкү күндө биздин улуттук кинематография тасма өндүрүшүнүн ири көтөрүлүүсүн баштан кечирип жатат. Адамдын ички дүйнөсүн, биздин элдин каада-салтын сактоосун, бүгүнкү күндүн маанилүү социалдык жана маданий темаларын чагылдырган түрдүү багыттагы жана жанрдагы тасмалар тартылууда. Жыл ичинде биздин көптөгөн тасмаларыбыз чет элдиктерге көрсөтүлдү жана эл аралык кинофестивалдарынын катышуучусу болду",- деп башталган куттуктоодо быйылкы жылы 14 кыргыз тасмасы эл аралык кинофестивалдардын лауреаты болгону айтылат. 
Өкмөт башчы кыргыз киносунун келечеги кең экенин белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан