Эрлан Абдылдаев Бельгиянын Тышкы иштер мамлекеттик кызматынын өкүлүн кабыл алды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 17-ноябрда Бельгиянын Федералдык мамлекеттик тышкы иштер кызматынын башкы катчысы Д.Ахтен менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу мамилелер, мунун ичинде президент Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылдын сентябрында Бельгияга болгон иш сапарында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселеси талкууланды. 
Тараптар Борбор Азиядагы аймактык коопсуздук жана шайлоо системин реформалоо боюнча Бельгия менен Евросоюздун көрсөтө турган колдоосу боюнча да пикир алышканын аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан