Депутаттыкка талапкерлердин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору сунушталууда

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети бүгүн, 18-ноябрдагы жыйынында партиялардын тизмесиндеги талапкерлердин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун карады. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Данияр Тербишалиев буларды айтты: “Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын 100-120-тизмесинде турган талапкерлер менен 10-20-орундукка кирген талапкерлердин деңгээли бирдей болушу керек. Эң акыркы тизмедеги адамды алдынкылар менен бирдей аракеттерди жасоого милдеттендириш керек. Ошондо ар бир талапкер бирдей иштеп, партияга көбүрөөк добуш алып келгенге аракет кылат. 30-орундан кийинкилер иштебей эле жүрө бергенге болбойт. Партия ар бир талапкердин добуш алуусуна шарт түзүшү керек”.   

Депутат мыйзам долбоору шайлоодон кийинки чыр-чатактарды жокко чыгарарын да кошумчалады. “2010-жылкы парламенттик шайлоодон кийинки чырларга күбө болдук. Мандат алган депутаттарга “аз добуш жыйнадың, мандатыңды тапшыр” деген партиялар болгон. Ошон үчүн мыйзам долбоорунун дагы бир маңызы добуш берүү учурунда шайлоочу бир гана партиянын өзүнө эмес, партиянын ичиндеги талапкерлердин ичинен тандап добуш берүү шарты түзүлөт. Азыркы систем шайлоочулардын көйгөйлөрүн чечпегендиктен да сунушталып жатат",- деди депутат.  

Талкуу учурунда айрым депутаттар мыйзам долбооруна каршы болуп, айрым кемчиликтерди жоюу үчүн артка кайтарылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан