Жогорку Кеңештин депутаттары Оштогу чек арачылардын абалын көрүштү

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин депутаттары 18-ноябрда "Араван" жана "Кара-Суу" чек ара заставаларында болушту. Депутаттар чек арачылардын жашоо шарты жана чек ара бөлүмдөрүнүн кышка даярдыгын көрүштү. Бажы биримдигине кирүү планын эске алуу менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын бекемдөө жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев маалымат бергенин билдирет Мамлекеттик чек ара кызматы. 
"Мамлекеттик чек ара кызматы чек аранын бекемдигин жакшыртуу иштерин жүргүзүүдө. Быйыл өлкөнүн түштүк аймагына кошумча 2 чек ара бекетин курдук. 3 чек ара бекети застава болуп кайра түзүлдү. Мындан тышкары кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек ара тилкелерин инженердик жабдуу боюнча иштер уланууда",- деп билдирди Алимбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан