Мамлекеттик кызматтарда иштегендердин жергиликтүү кеңешке депутат болуусуна тыюу салуу демилгеленүүдө

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети 18-ноябрдагы отурумунда мамлекеттик кызматтарда иштегендердин жергиликтүү кеңешке депутат болуусуна тыюу салчу мыйзам долбоорун карап жатат. Демилгечилердин айтымында, мамлекеттик кызматта иштегендер депутат болсо, парламенттик шайлоодо администрациялык ресурс пайдаланылып калат. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринен отчёт ала албайт. “Райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери же прокуратуранын кызматкери депутат болбошу керек. Таптакыр эле тыюу салуу сунушталууда. Ал эми муниципалдык кызматта иштеген жөнөкөй кызматкерлер депутат болууга уруксат берсек болот”,- дешти демилгечилер.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан