Тайырбек Сарпашев Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин 9 айлык ишинин жыйынтыгына нааразы

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 18-ноябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин 9 айлык планынын аткарылышын текшерди. Аталган министрликтин жетекчиси Таалайбек Айдаралиевдин айтымында, өлкөдө арпа менен буудай толук жыйналып бүттү.

“Кылкандуу дан эгиндеринин дүң түшүмү 835 миң тоннаны түздү. Жазгы жана жайкы суу тартыштыгына, кургакчылыкка байланыштуу орточо түшүмдүүлүк өткөн жылга салыштырмалуу төмөн болду. Буурчак өсүмдүктөрү 61 миң гектар аянттан жыйналды. Анын орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 16,3 центнер жыйналган же өткөн жылдык көрсөткүчтөн 1,6 центнерге аз",- деп билдирди министр.

Министрдин маалыматын уккандан кийин Сарпашев министрликтин 9 айдын жыйынтыгы боюнча алдыга коюлган пландарынын аткарылышына ыраазы эместигин айтты.

“Дыйкандарга быйыл аба ырайынын кургакчыл болушу тууралуу түшүндүрүү иштери дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Айыл чарбасында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер да жетиштүү жүргүзүлбөй жатат. Бир апталык мөөнөттө конкреттүү жыйынтык чыгарып, өкмөттүн сунушуна өз сунушуңарды киргизүүңөр керек",- деди Сарпашев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан