Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери 27-октябрдан 12-ноябрга чейин аттестациядан өтүштү. Муну аталган органдын басма сөз кызматы 18-ноябрда билдирди. Жалпы 298 кызматкер сынак тапшырып, мунун 269у "ээлеген кызматына ылайык келет" деп табылса, 28 кызматкер 6 айдан кийин кайра аттестациядан өтмөй болушту. Бир кызматкер "кызматына ылайык келбейт" деп табылыптыр. Кайсы бөлүмдөн канча кызматкер сынак тапшырганы төмөндө:
Борбордук бажы кызматы - 54 кызматкер
"Манас" бажысы - 16 кызматкер
"Түндүк" темир жолу бажысы - 23 кызматкер
Чыгыш бажысы - 39 кызматкер
Батыш бажысы - 12 кызматкер
Кесиптик жана кинологиялык даярдоо борбору - 12 кызматкер
Камсыздоо борбору - 22 кызматкер
Борбордук аппарат - 32 кызматкер
Түштүк-Батыш бажысы - 88 кызматкер