Тармактык комитет мыйзамдагы “аскердик абал” түшүнүгүн “согуштук абал” деп которууну жактырды

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети депутат Исмаил Исаков тарабынан сунушталган мыйзамдагы “аскердик абал” түшүнүгүн “согуштук абал” деп которуу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. Мындай чечим комитеттин 18-ноябрдагы отурумунда кабыл алынды. Исаковдун айтымында, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн корутундусунун негизинде, мамлекеттик тилде анын маанисине дал келген “согуштук абал” түшүнүгүн киргизүү максатында демилгеленүүдө. "Конституциялык мыйзамда “военное положение” мамлекеттик тилге которулганда “аскердик абал” деп которулуп, бирок так маанини бербей калган. Ошондуктан аны “согуштук абал” деп өзгөртүү туура",- деди депутат.

Мыйзам долбоорун комитет мүчөлөрү биринчи окууда жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан