НТС телеканалынын журналисттери Өмүрбек Бабановдун көрсөтмөсү менен түрмөдөгү Абдулла Юсуповдон маек алганын Башкы прокуратуранын өкүлү билдирди

Бүгүн парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын кезексиз жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү Орозбек Бердибаев “Өмүрбек Бабанов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Аликбек Мамыркуловго телефон чалып, Абдулла Юсупов НТС телеканалына интервью берсин дегенин билдирди. Ал мындай факт Абдулла Юсуповдун иши боюнча МЖАКнын мыйзам бузууларга баргандыгы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө учурунда белгилүү болгонун билдирди. Депутат Ташболот Балтабаев: “Бабанов ГСИНдин начальниги аркылуу көрсөтмө берип, өзүнүн менчик телеканалы аркылуу Юсуповдон маек алууга көмөкчү болду. Премьер-министр болуп туруп, мыйзам бузууларга барды. Эмне үчүн Бабановду дагы кылмышка шектүү деген адамдардын катарына кошуп, иликтөө жүргүзбөйсүңөр?"- деп суроо салды. Буга жооп кылып Орозбек Бердибаев азыр НТС телеканалы жана МЖАКнын башчысы Аликбек Мамыркуловго мыйзамдын бузулушу боюнча билдирме жөнөтүлгөндүгүн айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан