"Аймакты бала бакча менен камсыздоо - жергиликтүү бийликтин негизги милдеттеринин бири" деди Эльвира Сариева

Бүгүн, 19-ноябрда вице-премьер-министр Эльвира Сариева жеке менчиктен мамлекетке кайтарып алынган Кара-Балта шаарындагы "Колосок" жана Ак-Бешим айылындагы бала бакчага барды. Сариева бала бакчаларды ачуудагы жергиликтүү бийликтин ишин белгилөө менен буларды айтты: 
"Мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо - жергиликтүү бийликтин негизги милдеттеринин бири. Бала бакчаларды калыбына келтирүү менен балдарга кам көрүшү кубандырат. Бүгүнкү күндө Башкы прокуратура 50дөй бала бакчанын имаратын мамлекетке кайтарды. Бул имараттарды тезинен оңдоп, колдонууга берүү - өкмөттүн иши".   
Вице-премьер менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды мамлекетке кайтарууда укуктук жактан гана эмес, каржылык көйгөйлөр бар экенин айтат. Кайтарылган бала бакчаларды кайра ишке киргизүү, аларда иштегендердин айлыгын төлөп берүүгө республикалык бюджетте акча жетишсиз экенин кошумчалады.  
Мамлекетке кайтарылган бала бакчалардын имараттарын кайра ишке киргизүү ишин көзөмөлдөө боюнча Билим берүү жана илим министрлигине тапшырма берилди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан