20-22-ноябрь күндөрү биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад жана Ош облустарына иш сапары менен барат. Муну бүгүн, 19-ноябрда өкмөттөн билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө Сарпашев биометрикалык маалыматтарды чогултуу процессин көрүп чыкмакчы. Биринчи вице-премьер Токтогул районундагы Боз-Тектир жана Тегерек ирригациялык каналдарынын курулуш иштерин текшерип, Жалал-Абад жана Ош облустарынын тургундары менен жолугушат.