Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстандагы малдарды паспорттоштуруу ишин жасай турган мамлекеттик орган түзүүнү сунушташты. Талантбек Узакбаев жаныбарларды идентификациялоо иштери артка жылдырылганын айтып, буларды кошумчалады: "2014-жылдын апрелинен башталмак, бирок ноябрь айына жылдырганбыз. Бүгүнкү күнгө чейин иштер баштала элек. Бул иштерди жасай турган органды өкмөт бүгүнкү күнгө чейин аныктаган жок".
Узакбаев Кыргызстанда тийиштүү лаборатория куруп, заманбап эт комбинаттарын ишке киргизмейинче, Бажы биримдигине киргенден кийин деле өлкөнүн этин эч ким албай турганын кошумчалады.