Жогорку Кеңеш “Табигый чөйрөгө таасир берүүчү каражаттарды аскердик же башкача кастык максатта пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоорун 20-ноябрда 1-окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, конвенцияга кошулуу өлкө жаратылышын ар кандай аскерий куралдарды сыноо кесепеттеринен коргоо жаатында көмөк көрсөтөт. Конвенция талаптары жер титирөө, толкун, бороон-чапкын пайда кылуучу аскерий куралдарды сыноо жана пайдалануу чараларынын колдонулушуна бөгөт коёт.