Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунун акимдеринин жана айыл округ жетекчилери жана Жалал-Абад шаарынын башчысы менен жолугушту. Бул тууралуу 21-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Т.Сарпашев белгилегендей, Жалал-Абад облусунун дээрлик бардык райондору биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн зарыл болгон кошумча комплекттерди бөлүү тууралуу кайрылышкан.
Биринчи вице-премьер-министр КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жабдууларды аймактар боюнча туура эмес бөлүштүргөнүн айтып: "Мисалга, Ат-Башы районунда 16 жаштан жогорку жалпы калктын саны 25 миңге жетпеген жерге 20дан ашуун жабдуу бөлүнгөн. Ошол эле учурда калкы 25 миңден ашуун айыл округдарына болгону 2ден комплект жабдуу берилген",- деди.
Ошондой эле 7 күн ичинде Жалал-Абад облусунун бардык райондору кошумча 50 комплект жабдууну аларын билдирди. Мындан сырткары Ноокен, Базар-Коргон айылдарында жана Жалал-Абад шаарындагы Тейлөө борборлорундагы биометрикалык маалыматты чогултуунун жүрүшү менен таанышты.