Тайырбек Сарпашев Боз-Тектир жана Тегерек каналдарынын курулушун мөөнөтүндө аяктоону тапшырды

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облусу боюнча иш сапарынын алкагында Токтогул районундагы Торкен айыл округундагы Боз-Тектир жана Бел-Алды айылындагы Тегерек каналдарынын курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу 21-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Боз-Тектир каналы сугат суу менен 150 гектар жерди камсыздоого мүмкүндүк берет. Курулуш иштери жыйынтыкталган соң Бел-Алдыдагы канал аркылуу 300 гектар жерди өздөштүрүүгө мүмкүндүк түзүлөт. 

Курулуш иштери Токтогул районунун атайын эсебинен каржыланып, жалпы суммасы болжол менен 15 миллион сомду түзөт. Учурда эки каналда тең курулуш иштери жарым-жартылай бүткөрүлгөн, ал эми аларды ишке киргизүү 2015-жылдын биринчи жарымына пландаштырылууда.

Биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү бийликке курулушту өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. «Дыйкандар ал каналдардын ишке киргизилишин чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Жаңы жерлердин өздөштүрүлүшү фермерлерге материалдык абалын чыңдап алууга мүмкүндүк берет»,- деди ал.

Ошондой эле Т.Сарпашев Бел-Алды айылындагы оорукананын имаратынын ачылыш салтанатына катышты. Имаратты реконструкциялоого Токтогул районунун атайын фондунан болжол менен 3 миллион сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан