“Ата Мекен” фракциясынын 21-ноябрдагы жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков: “Кыргызстанда кылымда болчу 2 кылмыш иши болду. Алардын бири Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши, экинчиси “Кумтөр” маселеси”,- деп билдирди.
Депутат ички иштер министри Мелис Турганбаевге “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди эркиндикке чыгаргандарды кайрадан териштирип чыгууну сунуштады. “Батукаев менен бир топ түзүп, анын абактан чыгарылышы, чет өлкөгө кетишине көмөктөшкөндөрдү эл билиши керек. Сиз ушул ишти аягына чыгарсаңыз чоң эмгек жасаган болосуз”,- деди депутат.
Эске салсак, "мыйзамдагы ууру", 48 жаштагы Азиз Батукаевди 2013-жылдын 9-апрелинде Нарындагы №4-абактан кандын рак илдетине чалдыккандыгы тууралуу медициналык корутундуга таянып бошотушкан. Ошол эле күнү ал туугандары менен Грозныйга учуп кеткен.
Ушул жылдын октябрь айында Орусиянын Башкы прокуратурасы Азиз Батукаев Орусияда жазасын өтөгөндөн кийин аны Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси караларын маалымдаган.