"Кримтөбөл" Камчы Көлбаев үй-бүлөсү менен Дубайга учуп кеткени айтылды

Ички иштер министри Мелис Турганбаев 21-ноябрдагы “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында "кримтөбөл" Камчы Көлбаев үй-бүлөсү менен Дубайга учуп кеткенин билдирди.

“Менимче, Көлбаев үй-бүлөсү менен Дубайга учуп кеткен. Сиздер ал абактан чыгарылгандан кийин анын ишин териштирүү боюнча тапшырма бергениңиздерде биз иш жүргүзүү боюнча чечим кабыл алганда, ал өлкөдөн учуп кетиптир. Биз азырынча Дубай менен байланыша элекпиз”,- деди министр.

Жогорку Кеңеште депутаттар Камчы Көлбаев камактан чыккан соң ал жогорку деңгээлде жолугушууларды жүргүзүп жатканын айтып, ага коюлган чектөөлөрдү сурашканда Мелис Турганбаев: “Биз Камчы Көлбаевге республиканын ичинде эркин жүрүшүнө эч кандай чектөө коё албайбыз. Мен аны камактан чыгарган эмесмин, сот чыгарган. Анын конституциялык укуктары бар. Бирок ал боюнча иш жүргүзөбүз”,- деп жооп берген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан