Үйлөрүн ижарага бергендерден да салык алуу сунушталууда

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясында Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоору талкууланды. Депутаттардын суроолоруна каржы министри Ольга Лаврова, экономика министри Темир Сариев жана Бажы, Салык кызматтарынын өкүлдөрү жооп беришти.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Ажыбай Калмаматов үйлөрүн ижарага бергендерден дагы салык алуу маселесин колго алууну сунуштады. Өкмөт мүчөлөрү эл өкүлдөрүнүн сунуштары менен макул болуп, чындыгында эле кызмат көрсөтүү жаатында бир катар көйгөйлөр орун алгандыгын белгилешти. 

Экономика министри жүк ташуучу унааларга патент алуу боюнча маселе иликтенип, жаңы жобо жазылып, иш-аракеттер көрүлүп жатканын жооптоду. Мындан сырткары өлкөнүн тышкы карыздарын төлөө тартиби жөнүндө да сөз болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан