Өмүрбек Текебаев: “Уюшкан кылмыштуу топтордун каржы булактарын бууп, "кримтөбөлдөрүнүн" аброюн түшүрүү керек”

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын 21-ноябрдагы жыйынында фракция лидери Өмүрбек Текебаев уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү үчүн алгач лидерлеринин жеке аброюн түшүрүү керектигин айтты. Депутат ушул жол менен уюшкан кылмыштуу топтордун тамырын чапса болоруна ишенерин билдирди.

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана лидерлери мамлекеттик чоң кызматтарга тааныштарын түртүп, эч кимди тоготпой, жаштар, спортчулардын арасында авторитет болуп алышкан. Бул жаштардын аң-сезимине башка түшүнүк берип жатат. Анан жаштар “булардан баары коркот, чиновниктер алар менен бийликти тең бөлүшөт” деген ойдо болуп, ушул багытка аралашып кетишүүдө. Булар менен күрөшүү үчүн лидерлеринин жеке аброюн түшүрүп, каржы булактарын бууп салыш керек. Алар базарлардагы контейнерден 500-1000 сомдон салык алып келишет. Ал гана эмес, ар бир жарма саткандарга чейин салык салышат. Ушуларды токтотуп, катуу чараларды көрүү керек",- деди Текебаев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан