Ички иштер министри Райкан Алкановдун иши боюнча экспертиза жүргүзүү үчүн кийинки аптада Таласка барат

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын 21-ноябрдагы жыйынында 3 жаш кыздан 18 жерине бычак жеген ишкер Райкан Алкановдун маселеси көтөрүлдү. Жыйында депутат Ширин Айтматова ички иштер министри Мелис Турганбаевден Алкановдун иши боюнча педофилия фактысын жокко чыгаруу үчүн психологиялык жана медициналык экспертиза жүргүзүүнү суранды.

“Алкановдун туугандары жашы жете элек кылмышкерлер бычак менен анын денесине 18 жолу бычак сайганын айтышууда. Бул педофилия фактысын жокко чыгаруу үчүн психологиялык жана медициналык экспертиза жүргүзүү керек”,- деди депутат.

Министр 24-25-ноябрда Таласка барып, бул ишти жеке көзөмөлүнө аларын билдирди. 

Эске салсак, Р.Алкановго 26-октябрга караган түнү Талас шаарындагы үйүнөн кол салуу болгон. Анын кесепетинен ишкердин ашказаны, көк боору жана боору жабыркаган. Ошондой эле буга чейин айрым массалык маалымат каражаттары Ички иштер министрлигиндеги өздүк булактарына таянып, ишкердин кылмышка шектүүлөр менен байланышта болгонун жазып чыгышкан эле.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан