Бүгүн, 21-ноябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын алкагында Орусия, Беларусь, Казакстан жана Армения өлкө башчыларынын деңгээлинде ар тараптуу жолугушуу өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев да катышты.
Жолугушуунун негизги максаты болуп евразиялык аймактагы интеграциялык процесстерди алга жылдыруу боюнча пикир алмашуу эсептелди.
Жоомарт Оторбаев республиканын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу процессинин оңдуу динамикасын белгиледи.
«Учурда өлкөнүн интеграциялык биримдикке кошулуусунун алкагындагы милдеттенмелерди аткаруу боюнча жигердүү иш жүрүүдө, Евразия экономикалык биримдигине кирүү – Кыргызстандын өкмөтүнүн ишиндеги келечектүү милдеттердин бири»,- деп билдирди КРнын Өкмөт башчысы.
"Жол картасында каралган бардык иш-чаралар график боюнча аткарылууда. Үстүбүздөгү жылдын 23-декабрына пландаштырылып жаткан мамлекет башчылардын деңгээлиндеги Жогорку экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык аймагына кошулуусу жөнүндө маселени кароону сунуштайбыз",- деди Жоомарт Оторбаев.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, Кыргыз Республикасы тарабынан өлкөнүн Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишим долбоору иштелип чыккан, ал 19-ноябрда ББ жана БЭА катышуучу өлкөлөрдүн макулдашуусунан өтүүсү үчүн Евразиялык экономикалык комиссиясына жөнөтүлгөн.