Түркмөнстандын Мары шаары "2015-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп белгиленди

Бүгүн, 21-ноябрда Татарстан Республикасындагы Казань шаарында "Түрксой" маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 32-жыйыны болуп өттү. Ага маданият министри Алтынбек Максүтов жана Казакстан, Азербайжан,Түркия, Түркмөнстан, Башкортостан, Татарстан, Хакасия Республикасынын, Гагаузиянын маданият министрликтеринин өкүлдөрү катышышты. 

Жыйында "Түрксойдун" 2015-жылга койгон планынын аткарылышы, башкы катчынын отчёту, убактылуу координаторду тандоо, башкы катчыны шайлоо маселелери каралды. Ошондой эле "Казань түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий борбору-2014" программасынын жыйынтыктары талкууланды. Жыйынтыгында Түркмөнстандын Мары шаары "2015-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп белгиленди. Бул тууралуу КРнын Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан