Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши парламенттин 26-27-ноябрдагы жыйындарынын күн тартибин бекитти. Маалым болгондой, Жогорку Кеңеш 26-ноябрда "Сугат-айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана башка мыйзамдардын долбоорлорун кароону пландаштырууда.
Ал эми 27-ноябрда "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Озон катмарын коргоо жөнүндө" жана башка мыйзам долбоорлорун карамакчы.