Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы 21-ноябрда Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу сала турган мыйзам долбоорун талкууга алып, 1-окууда жактырды.
Ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркуловдун айтымында, мыйзам долбоору жол коопсуздугун алдын алуу максатында сунушталып жатат.
Оң рулдуу унаалардын саны 36 пайызга көтөрүлгөнүн айткан министрдин орун басары демилге аргасыздыктан пайда болуп жатканын билдирди. Ал 2013-2014-жылдардагы жол кырсыктарынын көпчүлүк пайызы ушул оң рулдуу унаалардын себебинен болуп жатканын кошумчалады. Фракция мүчөлөрү талкуу соңунда демилгени колдошту.