Шайлоочулардын тизмелерин түзүү функциялары Борбордук шайлоо комиссиясынан Мамлекеттик каттоо кызматына өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда КРнын Президентинин аппаратынын башчысы
Данияр Нарымбаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, 2010-жылдан тарта бул функцияларды БШК аткарып келет. "Шайлоо комиссиясы үчүн бул милдеттер кыйынчылыктарды жараткан. Анткени ал шайлоону уюштуруу, бюллетендерди эсептөө сыяктуу функцияларды аткарат",- деп түшүндүрдү Нарымбаев.
Мындан тышкары ал функцияларды өткөрүү боюнча тиешелүү мыйзам долбоору даяр экендигин баса белгиледи.