Асылбек Жээнбеков: "Прокуратура кылмыштуулукка каршы күрөшүү милдетин татыктуу аткарып келе жатат"

Бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган иш-чара болду. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, спикер Асылбек Жээнбековдун да куттуктоо сөзүн окуп берди.

Асылбек Жээнбековдун куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Аида ЖеңишбековнаУрматтуу прокуратура кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан өлкөбүздүн прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мартабалуу мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

Прокуратура органдары өткөн мезгил аралыгында кыйла катаал жол басып, адилеттик үчүн айыгышкан күрөш жолунда жетилди. Ал өзүнө жүктөлгөн өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылуу, жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү милдетин татыктуу аткарып келе жатат.

Акыркы жылдары адам укугу менен эркиндиктерин коргоо, мыйзам үстөмдүүлүгүн орнотуу, коррупцияга каршы күрөшүү, кылмыштуулукка бөгөт коюу багыттарында жаңы максаттар белгиленди. Бул сиздерге жаңы милдеттерди, катуу талаптарды коюу менен бирге коомчулуктун зор ишенимин арттырууда.

Ушу тапта мамлекеттин, коомчулуктун, мыйзамдуулуктун талабына шайкеш кайра курумдарды жүргүзүү аркылуу прокуратура органдарын жаңы баскычка көтөрүү иш-аракеттери аткарылып жатат. Ал үчүн прокуратура органдарын жаңы шартта калыптандыруу, жаңы нукта өнүктүрүү, кесипкөй, билимдүү, чынчыл кызматкерлердин жаңы муунун даярдоо милдети турат.

Кыргызстанды мыйзамдуулук кынтыксыз сакталган мамлекетке айлантуу, анда адилеттүү коомду өнүктүрүү – Жогорку Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири, ал прокуратура органдары менен чогуу жаңы реформаларга арналган мыйзам базасын чыңдоо максатын көздөйт.

Урматтуу прокуратура кызматкерлери, сиздерди ар дайым мыйзам тарапта болуп, коом сакчылыгында бекем турат деп ишенемин. Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, майрамдык маанай, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм”.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан