Кыргыз илиминин келечеги боюнча иш-чаралардын топтому даярдалып жатат. Муну Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев бүгүн, 21-ноябрда депутат Чыныбай Турсунбеков менен бирге Улуттук илимдер академиясынын эмгек жамааты менен жолугушууда айтты. Жолугушууда академиянын президенти Абдыганы Эркебаев Улуттук илимдер академиясынын алдына коюлган талаптарына токтолуп, реформа жана оптимизациялоо маселелери кандай жүрүп жаткандыгын маалымдады.
Турсунбеков Улуттук илимдер академиясынын мамлекеттеги өзгөчө ордун белгилеп, илимпоздордун жетишкендиктери боюнча элге маалымат аз жетип жаткандыгына көңүл бурду.