Бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Валерий Диль Орусиядан келген делегация менен биргеликте "Дастан" корпорациясына барды.
"Дастан" заводуна буйрутма берүү максатында келген орусиялык делегацияны "Восток гидромаштын" башкы директору Вячеслав Быков жетектеп жана Орусия Федерациясынын аскер-өнөр жай комплексинин өкүлдөрү коштоп келишкен.
Вячеслав Быков белгилегендей, 2 жыл аралыгында 70тен ашуун адистештирилген ишкананы барып көргөн.
"Дастан" заводу мыктылардын катарындагы 10 ишкананын бири болуп эсептелет жана аны заманбап жабдуу менен камсыздоо гана керек. Орусия "Дастан" корпорациясы өндүргөн продукцияга кызыкдар. Биз заводду 5 жылдык буйрутма менен жүктөөгө даярбыз. Бул процесс узакка созулат, ошентсе да бул маселени көпкө создуктурууга болбойт",- деди "Восток гидромаштын" башкы директору Вячеслав Быков.
Вице-премьер-министр белгилегендей, чечимдерди кабыл алууга кетчү убакытты кыскартуу керек.
"Ишкана бардык кыйынчылыктарга карабастан, чет жерлерде дагы муктаждыкка ээ болгон продукцияларды чыгарууга аракеттенүүдө. "Дастан" заводунун келечеги Орусиядан келчү буйрутмаларга байланыштуу",- деп белгиледи Валерий Диль.