Ошондой эле өлкөнүн бүгүнкү прокуратурасы мамлекеттин атынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу бирдиктүү орган тутумундагы звено катары саналарын белгилеп: "Тапшырылган ишке карата зор жоопкерчилик менен мамиле кылуу жана жасалган сабаттуу кадамдар мындан ары карай дагы алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу чечүүгө, биздин мамлекетти курууга жана өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө, адам укугун, өлкө кызыкчылыгын ишенимдүү жана сабаттуу түрдө коргоого көмөк көрсөтөрүнө шек жок",- деп тынчтык, ырыс-ынтымак, бакубаттуулук каалап өткөн. Мындан сырткары мыйзамга, өз эл-жерине кызмат кылуу ишинде ийгиликтердин жарала беришине тилектештигин билдирген.