Жогорку Кеңештин депутаттары Франциянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Эристина Кочкарова, Нуржана Бадыкеева бүгүн, 21-ноябрда Франциянын Кыргызстандагы элчиси Стефан Катта менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттар парламенттер аралык кызматташтык мамилелерди жандандыруу зарылдыгын белгилешти. "Эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыктын деңгээли кыйла кенен жана терең мүмкүнчүлүктөргө ээ",- деди депутат Карамушкина.

Элчи Катта эки өлкө демократияларынын ортосунда сөзсүз парламенттер аралык кызматташтык болушу шарт экенин айтты. "Кыргызстан менен Франциянын эки тараптуу мамилелериндеги алакаларды кеңейтүү зарыл. Ал үчүн мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Биздин элчилик ушул багытта иш алып барууда",- дейт дипломат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан