Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ОБСЕ) Кыргызстанда 2015-жылы парламенттик жана 2017-жылы президенттик шайлоодо жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Швейцариянын президенти, учурда ОБСЕнин жетекчиси Дидье Буркхальтер КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди.
"Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму шайлоо процесстери туура өткөрүлүшү үчүн байкоо миссиясын жүргүзөт. ЕККУ мындай жардам сураган мамлекетке колдоо көрсөтүүгө даяр",- деди Буркхальтер.
Мындан тышкары ал Кыргызстанда демократияны куруу аракеттерин Швейцария колдоп жаткандыгын баса белгиледи. "Швейцария Кыргызстанда бир топ пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга жардам көрсөтүп келген. Мындан ары да биз ушундай ишибизди уланта беребиз, анткени буга каалоо бар экенин көрүп жатам",- деп түшүндүрдү ал.