Депутат Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат комитетинин 25-ноябрдагы жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланышкан мыйзам долбоорлорунун шашылыш каралышына каршы болуп, жыйындан чыгып кетти. Депутат Бажы биримдигине байланышкан мыйзам долбоорлору комитеттин күн тартибине бүгүн гана кирип калганына нааразы. “Мен каршы эмесмин, колдойм. Бирок бул маселе эртең “Кыргызгаз” ишканасынын абалындай болуп калбашы керек. Буга чейин караганымда жок болчу. Бүгүн гана кирип калып жатат. Карайбыз десеңер, карагыла, мен жыйында отурбайм”, - деди депутат.
Комитет мүчөлөрү өкмөт тарабынан сунушталган мыйзам долбоорлорунун топтомун экинчи окууда карап жатышат.