Алмазбек Атамбаев айрым мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду

Бүгүн, 25-ноябрда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 6-октябрында кабыл алынган мыйзам "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" КРнын мыйзамдарын өркүндөтүү, ошондой эле алардагы кемчиликтерди жана карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан