Мыйзам боюнча да, жаратылыштын мыйзамы боюнча да ата-эне балага татыктуу тарбия берүүгө милдеттүү. Мындай пикирин вице-спикер Бөдөш Мамырова бүгүн, 25-ноябрда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин Келечек конушундагы №87-орто мектепте өткөн көчмө жыйынында билдирди.
Вице-спикер балага татыктуу тарбия, билим берип, коомго кошууда ата-эне мыйзамдын, жаратылыш мыйзамынын алдында да милдеттүү экенин белгиледи. Депутат мектеп окуучуларынын ата-энелери мектеп менен ар дайым тыгыз байланышта болушу зарылдыгын өз тажрыйбасынын мисалында айтып берди.
Мамырова ата-энелер да, мектеп мугалимдери да балага укуктуу мамлекетте жашап жаткандыгыбызды, бардык көйгөйлөр укуктук талаада чечиле тургандыгын түшүндүрүп туруу зарылдыгын кошумчалады.