2010-жылкы Июнь окуясынан жабыркагандарга жалпы 817 батир берилгени айтылды

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы астында 21-ноябрда Ош шаарында Июнь окуясынан жабыркагандар үчүн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерин бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын 12-жыйыны өттү. Сарпашев комиссиянын акыркы жыйыны өтүп жатканын белгиледи. 
"Комиссия өзүнө жүктөлгөн функциялардын дээрлик баарын аткарып бүттү. Комиссиянын кароосуна көптөгөн документтер келип түштү. Документтерди иликтөөдө жарымынан көбү жасалма экени же үй берилүүгө тийиш болгон жарандардын категориясына дал келбей турганы аныкталды. Ошондуктан көбүнөн баш тартылган. Комиссияга дагы деле арыздар келип түшүүдө, бирок алар комиссиянын компетенциясына кирбейт",- деди Сарпашев. 
Жыйындын аягында 26 жабырлануучу үй-бүлөгө батирлер бөлүнгөнүн өкмөттөн билдиришти. 10 үй-бүлөгө 2 бөлмөлүү батир, 5 үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү, 9 үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү, 2 үй-бүлөгө 4 бөлмөлүү батирлер берилди. 
2010-жылкы Июнь окуясынан жабыркагандарга жалпы 817 батир берилгени айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан