Жогорку Кеңештин депутаттары Асия Сасыкбаева, Наталья Никитенко жана Абдыманап Кутушев бүгүн, 26-ноябрда КРнын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушту. Вице-спикер Асия Сасыкбаева кыргыз парламентинин, анын фракцияларынын, тармактык комитеттеринин, көпчүлүк жана азчылык коалицияларынын иши тууралуу маалымат берди. "Жалпыга маалымдоо каражаттары сындап жатканына карабастан, биз милдеттерибизди өз деңгээлинде аткарып жатабыз",- деди депутат.
Никитенко студенттерди азыртадан жакшы билим алып, тажрыйба топтоого чакырды. "Миң уккандан бир көргөн артык" дейт, силер депутаттардын ишине өзүңөр күбө болосуңар. Бул жолугушууга катышып жаткандар кийин депутат да болуп калышы ажеп эмес",- дейт ал.
Депутат Кутушев өзү мындан 30 жыл мурун студент кезинде Ак үйдүн курулушунда жүргөндө кийин депутат болуп, ушул имаратта иштеп калары оюна келбегенин айтты. "Бул биздин демократиялык өнүгүү жолун тандап алганыбыздан улам болуп отурат. Ал биздин кыйла ылдам өнүгүүбүзгө жол ачты",- дейт Кутушев.