Баткен шаардык кеңешинин депутаты Тажикстанда 10 жылга эркинен ажыратылды
Баткен шаардык
кеңешинин депутаты Икрам Сиддиков Тажикстан мамлекетинде 10 жылга эркинен
ажыратылды. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги депутаттын жактоочусу Абдрахман
Тураевге шилтеме берип жарыялады. Согдий облустук соту аталган кыргыз депутатын
“Контрабанда”, “Күчтүү таасир этүүчү жана уулуу каражаттарды мыйзамсыз
айландыруу” беренелери боюнча айыптуу деп тапты. Эске сала кетсек, Икрам Сиддиков
ушул жылдын 20-июнунда кыргыз-тажик чек арасында колго түшүп, анын унаасынан 103 килограмм мыйзамсыз
сымап табылган. Аны менен бирге Чыңгыз Абдрахманов жана тажик жараны Екубхуджа
Хомидов кармалып, аталган экөө 8-9 жылга эркинен ажыратылды. Аталган адамдар
кармалгандан кийин Баткен шаарынын жашоочулары тажикстандык 16 адамды туткунга
алып, кармалгандарды бошотуу талабын коюшкан. Туткунга алынган жарандарды
баткендиктер тажик тараптын “акыйкат иш жүргүзөбүз” деген убадасынан соң
бошотуп беришкен болчу.