Бүгүн, 28-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык комиссиясынын бажы боюнча кызматташуу коллегиясынын мүчөсү Владимир Гошин баштаган комиссиянын өкүлдөрүн кабыл алды.
Жолугушууда Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна кошулуусу боюнча жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.
Мамлекет башчыга Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү бажы пункттарын жакшыртуу боюнча жасалып жаткан иштер, мамлекеттик органдардын Евразия экономикалык комиссиясы менен Кыргызстандын интеграция процесстерине катышууга даярдык көрүү боюнча өз ара аракеттенишүүсү тууралуу маалымат берилди.