КМШ өлкөлөрүндө 2016-жыл билим берүү жылы катары жарыяланат

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйынына катышты. Кеңеш КМШ ПААнын кеңешинин катчылыгына КМШ Аткаруу комитети менен бирге 2016-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин аймактар форумун даярдоо жана өткөрүүнү уюштуруу, 2016-жыл КМШ өлкөлөрүндө билим берүү жылы катары жарыялангандыгына байланыштуу иш-чараларды уюштуруу жагын караштыруу тапшырмасын берди.

Жыйындын катышуучулары 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына байланыштуу КМШ ПААнын кеңешинин кайрылуусун кабыл алды. Асылбек Жээнбеков Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы бардык КМШга мүчө мамлекеттер үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи. "Бул жеңиштин баасы абдан жогору болду. Кан майданда, концлагерлерде, басылып алынган аймактарда, блокададагы Ленинградда, оорукта жазыксыз 27 миллиондон ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Биз согушта курман болгондор менен оорукта иштегендердин каармандыгын урматтоо менен, улуу согуш сабагын эч качан эстен чыгарбашыбыз керек. Кыргызстанда 9-Май – биз чыдамсыздык менен күткөн ыйык майрам",- деди Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо жөнүндөгү жарлыгына ылайык, кыргыз өкмөтү тарабынан 2015-жылы 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө карата даярдык көрүү жана өткөрүү жаатындагы иш-чаралар планы ишке ашырыла турганын билдирди. "Бул мартабалуу майрамга даярдык көрүү алкагында биздин мамлекеттер өз ара макулдашылган иш-чараларды абдан жогорку деңгээлде ишке ашырып, Жеңиш күнүн баарыбыз чогуу тосолу",- деди спикер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан