Каржы министри Ольга Лаврованын төрайымдыгы астында 28-ноябрда Ички аудит боюнча кеңештин кеңейтилген жыйыны өттү. Жыйынга министрликтердин жана мекемелердин ички аудит кызматтарынын жетекчилери катышты. Ички аудит боюнча кеңештин отурумунда 2013-жылга Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудит системин өнүктүрүү жөнүндөгү отчёту каралды. Ички аудит боюнча кеңеш консультациялык-кеңешме орган болуп саналат жана анын функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- ички аудиттердин кесипкөйлүк ак ниеттүүлүгүнүн механизмин иштеп чыгуу;
- ички аудит боюнча ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудитин өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууда ыйгарым укуктуу органга көмөктөшүү;
- ички аудит кызматы болбогон ички аудит объекттеринде ички аудитти жүргүзүү мөөнөттөрүн ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу;
- Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудит кызматтары тарабынан тапшырмалардын эффективдүү аткарылышы боюнча маселени кароо;
- Кеңештин компетенциясына ылайык эл аралык кызматташууну ишке ашыруу.