Кыргызстандык 2 команда Казакстанда өтүп жаткан көк бөрү боюнча эл аралык мелдеште финалга чыкты
Казакстандын Шымкент шаарында Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Казакстандын мыкты командаларынын арасында көк-бөрү боюнча мелдеш өтүүдө. Кыргызстандан "Кабылан" жана "Суусамыр" командалары катышып, эки команда тең финалга чыгышты. Аталган турнир казак элинин коомдук ишмери Асанбай Аскаровдун жаркын элесине карата өткөрүлүп жатат. Жеңүүчү эртең, 7-ноябрда аныкталмакчы.