Чаткалдагы "Кассан" сурьма кенин иштетүү укугун "Терек-Сай жаштары" компаниясы утуп алды

Чаткал районунун Терек-Сай айылында 28-ноябрда "Кассан" сурьма кенин иштетүү укугу боюнча аукцион өттү. Аукционго 4 компания катышты:

1. "Терек-Сай Стибиум" ЖЧКсы;

2. "Терек-Сай жаштары" ЖЧКсы;

3. "Андагүл" ЖЧКсы;

4. "Сан Фенг" ЖЧКсы.  

Геология жана минералдык ресурстар агенттиги билдиргендей, аукциондун баштапкы баасы 117 500 доллардан башталып, кен үчүн эң жогорку бааны 4 миллион 521 миң доллар деп "Терек-Сай жаштары" компаниясы сунуштаган. Жыйынтыгында комиссия аталган компанияны жеңүүчү деп тапты. Маалыматка таянсак, аталган сумманын 85 пайызы республикалык бюджетке, 7 пайызы жергиликтүү бюджетке, 5 пайызы Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин атайын эсебине жана 3 пайызы минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүүгө которулат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан